Аба ырайы, 23-февраль: Өлкө аймагында күндүз жаан-чачын күтүлбөйт

23-февралда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын жаабайт. Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 метрге чейин жетет.

Чүй облусу. Күндүз +15°C, түнкүсүн +5°C

Талас облусу. Күндүз +14°C, түнкүсүн +4°C

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +15°C, түнкүсүн +6°C

Баткен облусу. Күндүз +14°C, түнкүсүн +5°C

Ысык-Көл облусу. Күндүз +6°C, түнкүсүн -6°C

Нарын облусу. Күндүз -7°C, түнкүсүн -12°C

Бишкек шаары. Күндүз +13°C, түнкүсүн +3°C

Эскертүү!

22-февралдан 24-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош, Бишкек-Талас, Ала-Бука - Каныш-Кыя, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Каракол - Эңилчек, Казарман - Ак-Тал-Чат унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан