Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде балдар оригами жасоо техникасын үйрөнүшүп, 23-Февраль – Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата белек жасашты. Аталган музейден билдиришкендей, иш-чара “Музейдеги жуманын таттуу аягы” аттуу музей менен тааныштырууга багытталган программанын алкагында уюштурулду.
Иш-чарада оригами өнөрү боюнча чеберлер апалары менен келген балдарга эр жүрөк аталарына, агаларына ар түрдүү белек жасоону үйрөтүштү.