10-февралда Жалал-Абад облусунда көлөмү 305 метр куб кар көчкү түштү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, кар көчкү саат 07:00дө Казарман-Нарын унаа жолунун 16-18-чакырымында түшкөн. “Кырсыктан жабыр тарткандар жок, учурда жолдор тазаланып, унаа каттамы ачык” деди ӨКМнын басма сөз кызматынын төрагасы Абдишарип Бекилов.