Унаа базарында суу, бастырма жана унааларды чаржайыт токтотуу маселелери сатуучулар үчүн ыңгайсыздыктарды жаратууда. Муну SUPER.KG порталына унаа сатуучу Таалайбек Абдыкеримов билдирди. Анын айтымында, унаа базарында бастырманын бардык жерге курулбаганынан көпчүлүк унаалар ачык асман астында калып, жаан-чачын жааганда жерди суу каптап, мунун айынан унаа алуучулар базарга баргылары келбейт. Ал эми кар жааган күндөрү унаалар сууктан тоңуп да калат.
“Мисалы, менин эки унаамдын сатылбай турганына 3 ай болду. Мына минтип суунун тартыштыгынан бөтөлкөгө суу куюп келип унаамдын чаңын сүртөм. Ушу жерге жергиликтүү жетекчилер суу чыгарып, бастырма куруп коюшса, бир топ сатуучунун соопторуна калышмак. Бастырманы ар кайсы жерге бир аздан салып койгон, бирок базардын басымдуу бөлүгү ачык”,- дейт Таалайбек Абдыкеримов.
Буга кошумча базардын жетекчилигине кайрылып, унааларды үлгүсүнө жараша бөлүп токтотсо жакшы болорун айтат сатуучу.
“Мисалы, супермаркетке барганда мөмө-жемиштер өзүнчө, чай, шекер дегендер өз-өзүнчө турат. Эмнеге унаа базарда да ушундай тартипти киргизсе болбосун? Бул сатуучулар үчүн да, сатып алуучулар үчүн да абдан ыңгайлуу болмок. Мисалы, жол тандабас алам дегендер бир жерге барышат, ал эми Фит алам дегендерге өзүнчө болсо. Ошондой эле бул базарга унаа менен кирүү өзүнчө маселе. Тыгын болуп, "токтотууга болбойт" деген белги турса да унааларын токтотуп коюшат. Мунун айынан базарга кирем дегендер тыңыраак кире албайт же базардан чыгам дегендерге да кээде чыкканга мүмкүн эмес”,- деди Абдыкеримов.
Бул макалада сөз болгон маселелер жана башка унааны каттоо, сатып алуу, сатуу боюнча репортажды SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүнөн аптанын аягында көрсөңүз болот.