Баткен районунда почтачынын өлүмүнө шектелип, айылдык почта бөлүмүнүн башчысы жана анын жубайы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-февралда Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 22-январында Баткен районунун Коңур-Дөбө жайлоосунда белгисиз адамдын дене мүчөлөрү табылган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталган. Анын негизинде маркумдун өздүгү такталып, Кара-Бак айылында почта кызматкери болуп иштеп жүргөнү белгилүү болгон. Ал эми 16-февраль күнү кылмышка шектүү катары айылдык почта бөлүмүнүн башчысы жана анын жубайы кармалган.
Алдын ала маалымат боюнча, маркум Турдугүл Камчиева 2014-жылдын октябрь айында өлтүрүлгөн.