* Мындан 5 жыл мурун, 2010-жылы белгилүү обончу Жолдошбек Мамажанов Кадамжайда ооруканада 58 жаш курагында каза болгон. Ал “Сүрөтүңө”, “Жазым, келчи”, "Сагындым", "Өмүр өтөт, жаштык өтөт" аттуу элге белгилүү обондорду жазып калтырган.

* Мындан 38 жыл мурун, 1977-жылы америкалык мушкер
Флойд Мейвезер АКШнын Гранд-Рапидс шаарында туулган. Каймана аты – Келишимдүү (Pretty Boy), Акчалуу (The Money). Флойд Мейвезердин алгачкы беттеши 1996-жылы 11-октябрда өткөн. Ал баары болуп орто салмак категориясында 47 беттеш өткөзүп, баарын жеңген. Алардын 26сын нокаут менен уткан. Флойд Мейвезер "Ring" журналынын версиясы боюнча 6 жолу "Дүйнөнүн мыкты мушкери" аталган. Мушкер "Атланта-1996" Олимпиадасынын коло медаль ээси, WBC жана WBA версиясы боюнча 5 салмак категориясында Дүйнө чемпиону.

* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы АКШнын Лос-Анжелес шаарында Голливуд жылдыздарынын көптөн күткөн "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өткөн. Кеченин башкы наамы болгон "Мыкты фильм" сыйлыгын АКШнын биринчи айымы Мишель Обама жарыялаган. Бул номинацияны 9 тасманын ичинен мыкты делинген режиссёр жана актёр Бен Аффлектин "Арго" операциясы" илип кеткен. Ал эми тайвандык режиссёр Энг Линин "Пинин жашоосу" аттуу тасмасы "Мыкты режиссёрдук иш" наамын алган. Бул тасмага атаандаш болгон Стивен Спилбергдин "Линкольн" тасмасында президенттин ролун жараткан Дэниел Дэй-Льюис "Мыкты актёр" наамына татыган. Ал эми "Мыкты актриса" сыйлыгына "Менин жигитим акылынан адашкан" тасмасындагы ролу үчүн 24 жаштагы актриса Женнифер Лоуренс ээ болгон. АКШнын Киноакадемиясы тарабынан 85-жолу тапшырылып жаткан "Оскар" сыйлыгы булардан сырткары 24 наам боюнча өз ээсин тапкан.

* Мындан 60 жыл мурун, 1955-жылы америкалык инженер жана жеке ишкер, “Apple Inc” корпорациясынын негиздөөчүсү
Стив Жобс Калифорния штатынын Маунтейн Вью шаарында туулган. Кийин бул шаар дүйнөнүн эң акылдуулары чогулган микрокомпьютердик технология өндүрүшүнүн борбору болуп калган. Стивди жарык дүйнөгө алып келген ата-энеси аны ымыркай кезинде эле балдар үйүнө таштап кетишет. Төрөлгөндөн эле жетим калган талантты Пол жана Клара Жобстор багып алышкан.
Жалгыздыкты жактырып, өзүнөн улуулар менен жакшы тил табышчу. 16 жашында электрониканы жакшы билип калган Стив өзүнөн 5 жаш улуу Стив Возняк менен таанышат. Кызыкчылыктары төп келишкен экөө бат эле тил табышышат. Окууну аяктаган соң Жобс университетке тапшырып, бирок бир семестрден кийин эле окуусун таштап салат. Анын себебин 2005-жылы ал “Менин колледждеги убактым текке кетти. Ата-энем өмүр бою чогулткан акчаны окуу үчүн короткум келген эмес” деп түшүндүргөн. Мына ушундан кийин гана ал технология дүйнөсүн түп-тамыры менен өзгөртүүгө аттанган.
Эл алдында күлүп-жайнап жүргөн инноватордун ден соолугу акыркы жылдары начарлап кеткен. 2004-жылы анын уйку безиндеги залалдуу шишик операциянын негизинде алынган. Жакындарынын айтымында, Стив өлүм жөнүндө көп ойлончу, себеби ал бул жашоодо өчпөс из калтырып кеткиси келген. 2009-жылы ал коомчулукка боорун алмаштырганын жар салган. 2011-жылдын 5-октябрында 56 жаш курагында Стив уйку безиндеги рактын айынан көз жумган. Стив Жобс өзүнүн өмүрүндө гениалдуу инноватордук таланты менен дүйнөнү өзгөрткөн 13 эркектин катарын толуктап, кийинки муунга мыкты үлгү катары тарыхта калган.