Бишкекте Болсунбек Стакеевдин жеке концерти ыр-күлкү менен коштолууда

Бүгүн, 23-февралда Бишкектеги Спорт Ордосунда "Беш тапан" куудулдар тобунун мүчөсү Болсунбек Стакеевдин "Лабадах" аттуу жеке концерти өтүүдө. Кечени бийчи кыздар индия бийин бийлеп ачып беришти. Ал эми концертти "Беш тапандын" жигиттери алып барышууда.
Болсунбек мырзаны куттуктап куудулдар Келдибек Ниязов, Борончу Кудайбергенов, Тынар Курбаналиев жана башкалар келишти. Ыр-күлкү коштогон кечеде Болсунбек Стакеев көрөрмандар берген суроого тамаша-чын аралаш жооп берип, залды күлкүгө бөлөп жатат.
Суроо: - Эмне үчүн атыңыз Болсунбек?
Жооп: - Мен 4 кыз, 4 уулдан кийин төрөлгөм. Ата-энем мен жарыкка келгенде ушуну менен болсун, токтосун деп атымды Болсунбек коюшуптур, бирок болбой калды. Анткени менден кийин да иним бар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
sherzatik
2015-02-23 22:35:02
Жакшы)бул концерт качан кирет эми?Абдылда агабыздын концерти кирбей эле койдуго......super.kg??????
+1
admin_portal
2015-02-24 09:49:53
sherzatik, Саламатсызбы!
Абдылда агайдын концерти, бул концерт да жакында жүктөлөт.
0
chyngyz-KG
2015-02-24 01:03:40
лабадах эмне деген
0
Ajar.
2015-02-24 10:49:41
Болсунбек мырзанын жообу жаккан жок, тамаша болгон күндө да. Кыргыз антип тилек кылбайт да, өзгөчө бала маселесине келгенде, анткени алар кесир сүйлөгөндөн, кесир кылуудан жазганышчу го. Ошондуктан "Кудайымдын бергени" деп эле, балалуу болушкан эмеспи...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан