23-февралда Бишкектеги Спорт Ордосунда “Беш тапан” куудулдар тобундагы Болсунбек Стакеев “Лабадах” аталышындагы жеке концертин берди. Куудулдун концертинде “Беш тапан” тобунун жигиттери алып баруучулук тизгинди башкарышты. Алар Болсунбек мырза менен бирге сатираларды аткарып, күлкү күйөрмандарынын колдоосуна алынышты. Кеченин ээсине залда отургандар суроолорду жаадырып, ага тамаша-чын аралаш жооп алышты.
Суроо: - Болсунбек мырза, салмагыңыз канча?
Жооп: - 120 килограмм эле.
Суроо: - Үч аял алганга көз карашыңыз кандай?
Жооп: - 30га чыгып араң бир аялга жетсем, 3 аялдын балекетин аламбы?
Суроо: - Эмне үчүн концерттин аты “Лабадах”?
Жооп: - Жакшы нерсени көргөн эл модага айлантып "теке экен" же болбосо "айбан" дешет. Мен жакшыны көргөндө ар кайсы айбанга окшоштурбай, “лабадах” дейли деп, концертти ушундай атадым.
Кечеге Болсунбек Стакеевди куттуктап куудулдар Келдибек Ниязов, Борончу Кудайбергенов, Тынар Курбаналиев келишти. Ошондой эле “Жоролор”, “Беш тапан” тобунун жигиттери менен Болсунбек Стакеев үй жаныбарларынын образын жаратып, көрүүчүлөрдүн боорун эзишти.
Кой: - Мен, чындыгында, аябай жоошмун. Айдаган жакка баса берем, сойсо үн чыгарбай жата берем. Анан үйгө келген конокторду менден сурабай эле “конок койдон жоош” дешет.
Жылкы: - Эй, алар башында эле кой болот да, акырында чочко болуп калышат.
Уй: - Уй деген жакшы статусум бар экен. Кечээ Таласка сүт акыга кеттим.
Жылкы: - Чүйдүн уйлары күнүгө 20 литр сүт берет. Сен ошончо сүт бере аласыңбы?
Уй: - Бере алам. Бере албасам, кошумчага кете берем.
Жылкы: - Кой, сага эмне болду?
Кой: - Маа-маа, мага баары бир. Менин турушум ушундай, кааласам басып кетип калам.
“Концертти “Беш тапан” тобундагы жигиттердин аттарын таанытуу максатында уюштурдук. Мында менин кечем болсо, күзүндө дагы бир жигитибиздин концертин беребиз”,- деди Болсунбек Стакеев.