9-февралда Кыргызстандан эл аралык издөөдө жүргөн түрк жараны Дикбаш Илхан кармалды. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган жаран Бишкек ШИИБинин кызматкерлери тарабынан кармалган. Кылмышка шектүү жаран 2008-жылы Түркиядан коркутуу жана адам өлтүрүү жолу менен бир адамдын 10 миң евросун алып качкандыгы боюнча айыпталууда. Текшерүү учурунда Илхан Кыргызстанда бир нече жылдан бери жашап келгени белгилүү болду. Учурда Д.Илхан Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.