22-февраль күнү Бангладеште кеме кырсыктап, анын кесепетинен 70 адам набыт болду. Учурда дайынсыз жоголгондорду издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 2 кабаттуу кемеде 200гө жакын адам болгон. Куткаруучулар тарабынан 60ка жакын адам куткарылган. Каза тапкандардын ичинде 6 айлык ымыркай да бар. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кырсыктаган кеме Патурияга бараткан, бирок орто жолдон оор жүк ташуучу кеме менен сүзүшүп кеткен. Айрым маалыматтарда кемеде адам көп болгондуктан чөккөн деп айтылууда. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.