Бишкекте уурулук фактысына шектелген эки жаран кармалды

Бишкек шаарындагы Арча-Бешик конушунда бир топ убакыттан бери үйлөрдөгү буюмдарды уурдап келген жарандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти. 
Маалыматка ылайык, акыркы учурларда аталган конушта уурулук фактылары көбөйгөн. Милицияга түшкөн арыздарда уурулар үйлөрдөн акча, зер буюмдарды жана кымбат баалуу техникаларды алып кетип жаткандарын билдиришкен. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Арча-Бешиктеги көчөлөрдүн биринен чоң баштык көтөргөн 2 жаран кармалган. Алардын баштыгын кароо учурунда анын ичинен жаңы эле уурдалган буюмдар чыккан. Анын үстүнө бул жарандардын бирин жергиликтүү тургундардын бири таанып калган. Учурда кылмышка шектүүлөр камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан