9-февралда Сокулук айылынындагы Фрунзе-Ленин унаа жолунда жол кырсыгы катталып, окуядан бир жүргүнчү каза тапты. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, Форд-Транзит үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдон 56 жаштагы аялды сүзүп, окуядан соң из жашырган. Көп узабай Сокулук РИИБинин кызматкерлери ушул эле күнү шектүу катары 25 жаштагы Бишкек шаарынын И.М аттуу жашоочусун кармашты. Учурда кармалган жарандын үстүнөн тергөө иштери жүрүүдө.