Борбор калаада "таксистти өлтүрүүгө аракет кылган" деген шек менен мурда соттолгон жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен В.Д. аттуу жаран кайрылган. Анда ал белгисиз мас абалдагы жаран Озёрное айылына жеткирип кой деп, орто жолдон аны зым менен муунтуп, өлтүрүүгө аракеттенгенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары мурда сот жообуна тартылган И.К. аттуу жаран кармалды. Ага карата кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.