Борбор калаада акча уурдоого шектелип 18 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 48 жаштагы жаран кайрылган. Анда ал анын 18 жаштагы чала таанышы үйүнөн 2,5 миң доллар акчасын уурдап кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 18 жаштагы Ж.А. аттуу Сокулуктун тургуну кармалды. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.