"Бишкек шаарындагы борбордук мечиттен жарандын чөнтөгүнөн 19 миң сом уурдаган" деген шек менен Сокулук районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 29 жаштагы шаардын тургуну кайрылган. Анда ал мечиттен белгисиз жаран анын күрмөсүнүн чөнтөгүнөн акчасын уурдап кеткенин айткан. Бул кылмышка шектүү катары 30 жаштагы Сокулук районунун тургуну кармалды. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.