Манас районунда баңгизатты мыйзамсыз сактаган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Талас ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 21-февраль күнү Покровка айылынын 1968-жылы туулган тургуну Али Дундуевдин жашаган үйү текшерүүгө алынган. Тинтүү жүргүзүү учурунда капка оролгон 314 грамм баңгизат табылган. Учурда үй ээси камакка алынып, сурак берүүдө.