Бишкекте адам өлтүрүү фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 20-февраль күнү батирлердин биринен 46 жаштагы аялдын жансыз денеси табылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 38 жаштагы Кубатбек кармалган.
Алдын ала маалымат боюнча, 38 жаштагы Кубатбек күнүмдүк батирди ижарага алып, бирок жашаган эмес. Мындан улам үчүнчү күнү акчасын алуу үчүн батир ээсине келген. Батир ээси акчасын бербегендиктен, экөөнүн ортосунда уруш чыгып, кылмышка шектүү аялды зым менен муунтуп өлтүргөн. Андан соң уюлдук телефонун жана акчасын алып качып кеткен.