Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылында унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Чүй ОИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен кайрылган жаран кафелердин бирине тамактанганга кирген учурда белгисиз жаран анын Хундай үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Сокулук районунун тургуну кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.