Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7,2 миллиард метр кубду түзүүдө

24-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 миллиард 297 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Суу сактагычка учурда секундасына 160 метр куб суу агып кирсе, 2014-жылы ушул маалдагы көрсөткүч 176 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундасына 504 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 748 метр куб болгон. 

Эске салсак, өткөн жылы 24-февралда суу сактагычтагы суунун көлөмү 10 миллиард 596 миллион метр кубду түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан