Өлкө аймагында 16-февралдан 23-февралга чейин жүргүзүлгөн иш-аракеттердин алкагында мыйзамсыз жүгүртүүдө жүргөн 2 килограмм 121 грамм баңгизат алынды. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган убакыт аралыгында алынган баңгизаттардын ичинде 1 килограмм 827 грамм гашиш жана 294 грамм марихуана бар экени аныкталган. Андан сырткары аталган кызматтын кызматкерлери жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 7 баңгизатка байланышкан кылмышты аныкташкан.