Панфилов районунда 2,5 гектар жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган райондогу айыл өкмөттөрдүн биринин Э.Т. жана С.М. аттуу кызмат адамдары жана жер комиссиясынын төрагасы У.М. жасалма документтер аркылуу 1971-жылы туулган Айбек Жусубалиевге 2,5 гектар жер тилкесин мыйзамсыз ижарага беришкен. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.