Түркияда жумуш берүүчү тарабынан сабалып келген кыргыз жараны мекенине кайтып келди

Түркияда үч ай иштеген жеринин дарегин билбей, жумуш берүүчү тарабынан сабалып келген кыргыз жараны мекенине кайтып келди. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 24-февралда билдирди.

Маалыматка караганда, 17-февралда КРнын Түркиядагы элчилигине Кыргыз Республикасынын Б.К. аттуу жараны кайрылган. Ал бир тууганы А.Б. аттуу айым өткөн жылдын декабрында Түркияга иштегени келгенин жана ошол убакыттан бери мыйзамсыз иштеп жатканын билдирген. Ошондой эле туугандары менен телефон аркылуу гана сүйлөшүп, жумуш берүүчү кол көтөргөнү маалым болгон. 

Элчилик тарабынан жүргүзүлгөн тийиштүү аракеттерден кийин 23-февралда жогорудагы айым Бишкекке учуп келди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан