Чүй облусуна караштуу Ак-Жол айылындагы сарайлардын биринен союлган эшектердин табылышы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинен билдиришти.
"Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда иликтөө иштери Экономикалык кылмыштарга каршы кызматка өткөрүлүп берилген",- деп билдиришти облустук милиция башкармалыгынан.
Айта кетсек, интернеттеги социалдык тармактарда бүгүн, 20-30га жакын союлган эшектердин баштары жана шыйрактарынын сүрөттөрү тараган. Жергиликтүү тургундар аталган жайда күнүгө эшектер союлуп жаткандыгын билдиришкен.