Ош. Окуучулардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу максатында акция өтүүдө

18-февралдан баштап Ош шаарындагы мектеп окуучуларынын арасында өтүүчү “Китеп окуп, белек утуп ал” акциясы жүрүүдө. Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, анда окуучулар жаш өзгөчөлүгүнө карап элдик оозеки чыгармалардан, Кыргызстандын тарыхынан жана белгилүү жазуучулардын чыгармаларынан окуп, берилген суроолорго туура жооп берүү менен түрдүү белектере ээ болушат.

Акциянын максаты окуучулардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу менен алардын эстетикалык, интеллектуалдык жактан ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, инсан катары калыптануусуна өбөлгө түзүү жана жан дүйнөсүн байытуу болуп саналат. Кошумча адабий чыгармаларды окутуу менен окуучулардын сезимин курчутуп, турмушта кезигүүчү ар кандай карама-каршылыктарды тааный билүүгө көндүрүү максатын көздөйт. Акция 3 баскыч менен менен өткөрүлүп, 1-баскычы 18-февралдан 28-февралга чейин ар бир мектептин өзүндө, 2-баскычы 9-14-март күндөрү аймактарда жана 3-баскычы 17-март күнү өткөрүлөт. 3-баскыч жыйынтыктоо туру болуп, жеңип алган окуучуларга Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан баалуу белектер берилмекчи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан