Кечээ, 23-февралда Орусиянын Улуттук Футбол Лигасынын кубогуна арналган мелдеш аяктады. Орусиянын Биринчи Лигасында ойногон "Тюмень" клубунда оюн көрсөтүп келген кыргызстандык футболчу Валерий Кичин бул мелдеште "Мыкты коргоочу" болуп табылды. Бул тууралуу клубдун расмий сайты кабарлады.
Мелдеште чемпиондук наамды "Волгарь" клубу камсыздап, мелдештеги "Мыкты оюнчу" наамын аталган клубдун өкүлү Александр Алхазов багындырды. Мелдештеги "Мыкты дарбазачы" наамы Мехти Женетовго ("Анжи"), "Мыкты жарым коргоочу" наамы Павел Голышевге ыйгарылды.