Бишкек шаарында "букмекердик клубду тоногон" деген шек менен 3 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-февраль күнү таңкы саат 04:00 чамасында Чүй кең көчөсүндө жайгашкан букмекердик клубдардын бирин белгисиз жарандар карактап кетишкен. Анда медициналык бет каптарды кийген белгисиз жарандар тапанча менен коркутуп, акча каражаттарын алып кетишкен. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында бул кылмышка шектүү катары 23, 20 жана 22 жаштагы жарандар кармалышты. Алардын унаасын тинтүү учурунда 2 кара түстөгү атайын аскер формасы, пневматикалык тапанча жана 127 миң сом акча каражаты алынган. Учурда кармалгандарга карата кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.