Ош облусунда жергиликтүү тургун аялын сабап өлтүрүп, андан соң асынып алган. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 23-февралга караган түнү болгон. Анда үйүнө мас болуп келген жаран аялын сабаган. Анын кесепетинен жабырлануучу каза тапкан. Андан соң өзү сарайга кирип асынып алган. Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.