Алманбет Анапияевдин жанында жүргөн жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда Анапияевдин жактоочусу Данияр Маманов SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, Ички иштер министрлиги тарабынан Бишкектен 1989-жылы туулган А.Гүлжигит кармалган.
“Азырынча Гүлжигиттин кылмышка шектүү же күбө катары кармалганы белгисиз, иликтөө иштери жүрүүдө. Ал Алманбет Анапияевдин жанында жүргөн жигиттердин бири”,- деди Данияр Маманов.
Айта кетсек, 18-февраль күнү Минскте белгисиз адамдар тарабынан Алманбет Анапияев өлтүрүлгөн. Ал бир канча берене боюнча айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн. Анын уюшкан кылмыштуу топтун лидери жана "кримавторитет" Камчы Көлбаевдин жакын адамы экени айтылып келет.
Кармалган А.Гүлжигит социалдык баракчасына "Борбордук Азиядагы Америка университетинде окугам" деп жазган. Бирок аталган окуу жайдын басма сөз кызматы бул маалыматты четке какты.