Кара-Суу районунда жөө жүрүүчүнү сүзүп, ал жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда ИИМдин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош - Эркеч-Там унаа жолунун 23-чакырымынан белгисиз айдоочу 65 жаштагы жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен. Оор жаракаттардан улам пенсионер окуя болгон жерден каза тапкан. Бул кылмышка шектүү катары 24 жаштагы Алай районунун тургуну кармалды. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.