Токтогул районуна караштуу Саргата айылында 3 килограммдан ашуун баңгизат менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда Чүй ОИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында аталган айылдан 33 жаштагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Аны кармаган учурда анын Субару-Форестер үлгүсүндөгү унаасынын багажынан 200дөн ашуун кутучага салынган баңгизат табылган. Тиешелүү экспертизадан ал гашиш экени аныкталды. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү камакка алынды.