Бишкекте ири суммадагы жасалма акча менен түрк жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ИИМдин баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы башкы башкармалыгынын өкүлдөрү тарабынан кармалган жаран жасалма 19 миң 800 доллар алып жүргөн. Бул факты боюнча учурда кылмыш иши козголуп, чет өлкөлүк жаран камакка алынды. Учурда тергөө иши уланууда.