Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз курал сактаган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда аталган облустун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ак-Суу районунда 38 жаштагы тургундун жашаган жери текшерүүгө алынган. Анын негизинде мыйзамсыз сакталган ТОЗ-8 ок атуучу куралы алынган. Ошондой эле колго жасалган тапанча табылган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.