Бишкек-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, төрт адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда Чүй ОИИББинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 24-февраль күнү эртең менен Бишкек-Торугарт унаа жолунун 79-чакырымында болгон. Анда эки жеңил унаа сүзүшүп, анын кесепетинен төрт адам жабыркаган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.