Кыргызстандын аялдар коомчулугу, өкмөттүк эмес уюмдар 2015-жылдын 2-3-мартында бүткүл республикадан жана башка өлкөлөрдөн келген 1000ден ашуун адамдын катышуусу менен Кыргызстан аялдарынын улуттук форумун өткөрөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Форумдун максаты - улуттук аялдар кыймылынын диалогу жана кызматташтыгы үчүн платформаны түзүү, аялдар менен кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, туруктуу өнүгүү жана демократиялык башкаруу.
Иш-чара коомдогу аялдарга тиешелүү маселелердин бышып-жетилген чөйрөсүн талкуулайт, курч көйгөйлөрдү чечүү жолдорун сунуш кылат. Өлкөнүн аялдар кыймылынын алдында бир нече жылдарга багыттарды жана стимулдарды берет.
"Форум өкмөттүк эмес жана өкмөттүк уюмдарды, бизнестин, саясаттын, кесиптик бирликтердин, иш берүүчү уюмдардын өкүлдөрүн, илимпоздорду, маданият ишмерлерин, журналисттерди жана жер-жерлердеги активисттерди баш коштурат. Форумдун катышуучуларын жигердүү жарандык позицияны, дилгирликти жана ошонун өзү менен улуттук платформанын идеяларын алга илгерилетүүгө салым кошууга жана инвестициялоого өзүнүн даярдыгын көрсөтүү үчүн өзүнүн катышуусуна акы төлөөгө чакырабыз",- деп айтылат маалыматта.