Аламүдүн райондук сотунун кеңешчиси пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кеңешчи унаа айдоого тыюу салган жаза мөөнөтүн кыскартып берерин айткан. Мындан улам жергиликтүү тургундан 3 миң сом акча сураган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.