Аялдардын улуттук форумунда топтолгон көйгөйлөрдү чечүү жолдору талкууланат

2-3-мартта Бишкекте Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда экс-президент Роза Отунбаеванын демилгеси астында өтө турган аялдардын улуттук форумунда топтолгон көйгөйлөрдү чечүү жолдору талкууланат. Бул тууралуу 25-февралда парламент депутаты Айнуру Алтыбаева маалымат жыйынында айтты. Форум Кыргыз Республкикасында биринчи жолу өтүп жатат жана ага 1200 киши катышат. 

Форумда аялдардын үй-бүлөлүк, сексуалдык, гендердик зомбулуктун кеңири орун алышы, топтолгон көйгөйлөрдү чечүү жолдору талкууланат. Бул форум аялдардын көйгөйлүү маселелерин чечүү жолдорун сунуштайт, өлкөнүн аялдар кыймылы үчүн багыттарды берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан