Бүгүн, 25-февралда маалымат жыйынында "Кайтал" ачык акционердик коомунун юристи Жаныбек Долбаев "Ак-Жол айылындагы сарайлардын биринен табылган эшектердин эттери Бишкекке таратылбайт" деп билдирди.
Анын айтымында, союлган эшектердин эттери Гонконгго жөнөтүлөт жана тиешелүү бардык нормаларга жооп берет. Мындан сырткары эшек союучу жайга мыйзамсыз кирген журналисттерди сот жообуна тартуу үчүн ишкана арыз жазганын кошумчалады.
Эске салсак, кечээ Чүй облусундагы Ак-Жол айылында эшектер союлуп, алардын эттери Бишкектеги чайканаларга таратылып жатканы айтылып, коомчулукта чоң талкуу жаратты.
Укук коргоо органдары бул боюнча иликтөө жүрүп жатканын кабарласа, ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков жогорудагы окуяга катыштыгы барларга чара көрүлүшү керектигин айтты.