Орусиянын Новокузнец шаардык соту кыргызстандык жаранды 15 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда орусиялык маалымат булактары жарыялады. Маалыматтарга таянсак, кыргыз жараны 33 килограмм героин менен Орусиянын чек ара бекеттеринин биринен кармалган.