Эшек союлуучу ишканада отузга жакын адам эмгектенет

Эшек союучу ишканада отузга жакын адам иштейт. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда SUPER.KG порталына "Кайтал" ачык акционердик коомунун башчысы Алмаз Такырбашев билдирди. 
"Ишканада эшек сойгон 12 жумушчу иштейт. Анын ичеги-карындарын 4 адам жууп-тазалайт. Андан сырткары 12 адам эшектерди түштүктөн жана Чүй облусунан алып келүү менен алектенет. 2 жүк ташуучу бар. Мындан башка да жумушчулар бар",- дейт А.Такырбашев. 
Анын айтымына караганда, эшектерди союп сатуу бизнесинде эч кандай таштанды чыкпайт. Эшектин ичеги-карындары жана бардык мүчөлөрү чет жакка сатыкка чыгарылат. Ошондой эле аталган ишкана түрк фирмасынан 2,5 миңге жакын эшекке буйрутма алганын кошумчалады. Алдын ала маалыматтарга ылайык, союлган эшектердин эттерин түрк фирмасы Гонконгго жеткирмекчи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (39)
realliver
2015-02-25 18:03:12
Вайнеен эки жарым мин дейби? Бул эшектер Кыргызстандагы эшектерди тукум курут кылышат ко
+3
Nora
2015-02-25 18:49:16
2000somgo ech kim eshegin satpasa kerek, Eshektter aiyldagylarga kuch beret da,12 adam uurdap kelip beri^p turat okshoit dep oilop kaldym, Turktordon tushkon 2jarym min eshek jonundogu buirutma kagazyn talap kyluu kerek dep oilop atam, eger andai kagazy jok bolso, znachit bular Bishkektegi ash kanalarga ele berip atkan bolot, oshol ashkanalar etterdi expertizalap korushso jakshy bolmok.
-1
Bektur2
2015-02-25 18:51:32
Баары бутуп эшек эле калды эле экспорт го чыгара элегибиз 2,5 мин эшекти кайдан табат эми
0
Bektur2
2015-02-25 18:57:03
Бул ААК нун уставында эшек союп экспортко чыгару деп жазылыптырбы башчысы айткан жумушчуларынын эмгек китепчесине эшек союп иштеген деп жазып берет бекен?
+1
kerakg
2015-02-25 19:47:27
Супер инфо, ушул эшек Биснесмендердин жок дегенде суротторун элге жарыя кылуу керек, болбосо булар жазаланбайт,
0
bakyt_2015
2015-02-25 22:02:17
kerakg, Суроту турат го болгондо да директорунун, ал эмес теледен чыкты го.
0
mirror350
2015-02-25 20:27:49
бул бизнеси бутсо кандай бизнес кылат экен эми
0
AIZAD
2015-02-25 21:10:34
Кана эми Биздин патриот кырк чоробуз!!!
+4
Aidar.001
2015-02-25 21:40:10
Эшек деп ар жерге комментарии жаза берип чарчадык го!!,эшек сойгондордун бирине 20000 сом берип чындыкты айт десенер баарын айтып берет го дейм, антпесе гонконг, турк деп атып жабылып кетет эшек бизнес!!!
0
meli12
2015-02-25 22:44:19
1 же 2 жылдан кийин жаны торолгон баланын этин сатыкка чыгарышат го уяты жоктор. аныс деле таштандыларга буюм катары ыргытылып жатыптыр. кее бироосу тируулой олтуруп кееси зордуктап айбандан да ашты го адам баласы каяка баратабыз. эмнеге эле эшектер кочо кочолордо байланбай калды десе эчак эле курсагыбызда турбайбы кафелеп ресторандап журуп.
0
nukesh
2015-02-26 00:27:31
Эшектер да кызыл китепке кирет бул кетиште
+1
chalkan
2015-02-26 08:53:44
"Кайтал" ААК дебей эле "Байтал Эшек" ААК деп атаса болмок экен. Такырбашев ушундан жаңылыптыр.
0
chikakorea
2015-02-26 09:48:44
Ким билет мындан да башка эшектин этин саткан айбандар бардыр буларды ташбаранга алса да аздык кылат буга окмот туздон туз кийлигишуусу зарыл
0
sarishka
2015-02-26 10:36:27
Jalgan aitkandan uialbait ekengo kurguzdar,oshol tyrktor menen kelishim kagazdarin korsotpoisunorbu anda,tyrktor eshektin etin emne kilmak ele silerdi korup men uialip jatam
0
aziziko
2015-02-28 23:49:46
Мен ошол учун иним менен синдиме мектепти буткондо англисче немисче французча окугула адам болуп жакшы мамлекетте билим алып балдарынар жакшы мамлекетте чонойсун деп куну туну какшай берчумун. Иним мен ушул эле жерде врач болом мен элди дарылабасам болбойт дечу эле бирок эшек сойуп саткандарды коруп анан мед академиядагы коррупцияны коруп Кыргызстандан осуп онуго албасын тушунду окшойт эми жанталашып англисчени окуп атат.
0
Bolya8892
2015-03-01 14:25:21
Конул азатко.Кантип ичеги-карындарын жууйт болдукен. Булар ушинтип ар жалганды суйлоп атып,бул теманы тез эле жапчудай.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан