"Ак-Жол айылында эшектер союлуп, эттери чайканаларга таратылууда" деген окуя боюнча иликтөө иштери аяктай элек

"Чүй облусундагы Ак-Жол айылында эшектер союлуп, алардын эттери Бишкектеги чайканаларга таратылууда" деген окуя боюнча иликтөө иштери аягына чыга элек. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда SUPER.KG порталына КРнын Каржы полициясы мамлекеттик кызматынын нөөмөт бөлүмүнөн билдиришти. 
Маалыматка ылайык, бул окуя тууралуу материалдар милициядан Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына бүгүн гана өткөрүлүп берилген. 
"Учурда чогултулган материалдар кароодо. Бардык материалдар чогултулуп бүткөндө кененирээк маалымат берилмекчи",- деп билдиришти нөөмөт бөлүмүнөн.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Abdurahman
2015-02-25 16:20:25
Кылдат текшеришсин эми акчасын алып жаап койбой
0
emin
2015-02-25 16:25:50
Шамаал болбосо чоптун башы кыймылдабайт
0
Deesmond
2015-02-25 17:03:16
emin, шамалы жок ачык эле айтып жатат го
+1
emin
2015-02-25 22:02:22
Deesmond, кафелерге таратабыз деп ачык айтып жатышабы?Ганконгтогу зоопаркка беришет экен
0
Aipri
2015-02-25 16:26:04
Ишенич жок. Акча учун баарын жасашат.
-1
alailyk-kyz
2015-02-25 16:38:46
эртен эле ким корду кылып жаап салышат биздикилер.
-1
bratanyn
2015-02-25 16:49:46
Акыретте Жараткандын алдында кантип жооп беришээр экен
0
chalkan
2015-02-25 16:58:12
Эки саатта эле текшерип койсо болот да: ким сойду, ким буйурду, каякка өткөрдү, ээси ким..., дагы бир эшек акча менен жаап коёт да.
0
beku85
2015-02-25 17:33:01
Эшектин эттин жеген эшектер ачат бул ишти.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан