Жылнаама, 26-февраль: Мындан 2 жыл мурун Египеттин Луксор шаарында жерден 300 метр бийиктикте бара жаткан аба шары жарылып, 19 адам каза болгон

* Мындан 65 жыл мурун, 1950-жылы Кыргыз Эл акыны, Байдылда Сарногоев атындагы сыйлыктын лауреаты Шайлообек Дүйшеев Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында жол кызматкерлеринин үй-бүлөсүндө туулган. 1968-жылы мектепти аяктап, турмуштун кысымы менен жүрүп, мектепке пионерлер жетекчиси болуп кызматка орношкон. Андан соң бетончу, жүк көтөргүч да болуп, кийинчерээк жергиликтүү гезитке корректор болуп иштеген. Андан көп өтпөй аскерге кетип, Подмосковьенин Нарфоминск деген жеринде ракеталык бөлүктө кызмат өтөгөн. 1980-жылы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин (ал кезде - филология факультетинин журналистика бөлүмүн) аяктаган. Ошол эле 1980-жылдан тартып Нарын облустук "Нарын правдасы" гезитинде кабарчы, облустук телерадиоуктуруу комитетинде редактор болгон. 2011-жылы акындын чыгармачылыгына арналган "Отко чуркаган бала" даректүү тасмасы тартылган. 
Шайлообек Дүйшеев заманбап кыргыз поэзиясына бараандуу салым кошкон акындардын бири. Анын чыгармалары 1968-жылдан бери жарыяланып келе жатат. Шайлообек Дүйшеев 2006-жылы "Кыргыз Эл акыны" наамын алып, 2010-жылы декабрда III даражадагы Манас ордени менен сыйланган. Ошондой эле 2012-жылы "Эки дөөнүн күрөшү" чыгармасы үчүн Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык ыйгарылган.
 
* Мындан 91 жыл мурун, 1924-жылы Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Германиянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысы болгон Адольф Гитлер мамлекеттик бийликти басып алууга болгон ийгиликсиз аракети үчүн айыпталып, 5 жылга камалып, 200 алтын маркасын төлөгөн. Гитлер жазасын Ландсберг түрмөсүндө өтөгөн. Бирок 9 айдан кийин эркиндикке чыккан.
 
* Мындан 61 жыл мурун, 1954-жылы түркиялык саясий жана мамлекеттик ишмер, "Адилет жана өнүгүү" партиясынын төрагасы Режеп Тайип Эрдоган Стамбулда туулган. 1965-жылы Касымпаша Пиале башталгыч мектебин, 1973-жылы Стамбулдагы имам Хатип лицейин бүтүргөн. Сабактардын айырмасын тапшыруу үчүн экзаменден өтүп, Эүп лицейинин дипломун алган. Мармара университетинин экономика жана соода илимдер факультетинде окуп, бул окуу жайды 1982-жылы аяктаган. Ошол эле мезгилде жаш идеалист катары мамлекеттин ишине жана коомдук маселелерине кызыгып, саясат менен алектене баштаган. Режеп Тайип Эрдоган 1994-жылдын 27-мартынан 1998-жылдын 6-ноябрына чейин Стамбул шаарынын мэри, 2003-жылдын 14-мартынан 2014-жылдын 28-августуна чейин Түркиянын премьер-министри болуп, ал эми 2014-жылдын 28-августунан бери Түркиянын президенти катары белгилүү. 
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Египеттин Луксор шаарында жерден 300 метр бийиктикте бара жаткан аба шары жарылып, кырсыктан 19 адам көз жумган. Аба шарында 20 турист жана 1 башкаруучу болгон. Каза болгондордун арасында 9 кытай жараны, франциялык 2, британиялык 2, япониялык 4 жаран бар эле.
26-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан