2012-жылы республикадагы прокуратура кызматкерлери тарабынан жарандарга карата 494 кылмыш иши козголгон. Булардын көпчүлүгү "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "паракорчулук" беренелери менен кармалган адамдар болгон. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, өткөн жылы укук коргоо кызматкерлери тарабынан паракорлук боюнча 1 миң 180 кылмыш иши козголгон. Айыл өкмөттөрүндө - 253, мэр жана акимдерге карата - 121, ИИМ кызматкерлери боюнча - 69, Мамлекеттик каттоо кызматында - 40, Билим берүү тармагында - 73, Саламаттыкты сактоо жаатында - 46, Транспорт жана байланыш тармагында - 26 паракорчулук фактысы катталган.