Бир нече күндөн бери өлкө аймагында чоң талкууга алынган эшектин эттери борбор калаадагы Щербаков көчөсүндөгү имараттардын биринде сакталууда.
SUPER.KG порталы эт сакталган имаратка барып, абалын көрүп келди.
Маалым болгондой, чоң муздаткычтын ичинде 300дөн ашуун эшектин эти бар. Союлган эшектердин эти сакталуучу жай Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын Биохимия жана физиология институтунун эксперимент жүргүзүлүүчү мекемесинин короосунда жайгашкан. Эшектин эти сакталуучу муздаткычтын айланасынын баары кан, андан сырткары жагымсыз жыт өкүм сүрүп турат.
Биздин кызматкерлерди аталган жайды көрсөтүүгө алып барып, өзүн "Кайтал" ачык акционердик коомунун башчысы Алмаз Такырбашевдин досу катары тааныштырган Болот аттуу мырза: "Ак-Жол айылындагы союлган эшек эттери дал ушул жерде сакталууда. Мындан сырткары борбордо дагы бир эшек этин сактоочу жай бар",- деп билдирди.
Ал эми эшектердин эттери сакталуучу жайды кыдырганыбызда ал жерде кийизди кайра иштетүүчү, идиш-аяк жуучу каражаттарды чыгаруучу ишканалар да жайгашканы белгилүү болду. Кийиз иштетүүчү ишканада иштегендер эшектин эти сакталуучу жай тууралуу маалыматы жок экенин билдиришти.
Ар кайсы жерде жаткан үй жаныбарынын тезектери аталган имараттарды ижарага берүүчүнүн жылкыларыныкы экендиги айтылды. Бирок аталган жерден жылкылар көрүнгөн жок.