25-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 миллиард 267 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Суу сактагычка учурда секундасына 161 метр куб суу агып кирсе, 2014-жылы ушул маалдагы көрсөткүч 154 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундасына 505 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 775 метр куб болгон.
Эске салсак, өткөн жылы 25-февралда суу сактагычтагы суунун көлөмү 10 миллиард 543 миллион метр кубду түзгөн.