Бүгүн Казарман - Ак-Тал-Чат унаа жолундагы кар көчкүлөрдү атайылап түшүрүү иш-чаралары башталат. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, Казарман - Ак-Тал-Чат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайылап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан. Мындан улам Балыкчы шаарынан чыккан артиллериялык топ бүгүн Казарман - Ак-Тал-Чат унаа жолуна жөнөп кетти. Кар көчкүлөрүн атып түшүрүп жаткан сааттарда унаа жолдору убактылуу жабык болот.