Сокулукта союлган эшектер табылгандан кийин борбордогу жана Чүйдөгү эт сатуучу жана тамактануучу жайлардын баары текшерилүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда SUPER.KG порталына Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык кызматынын жетекчиси Ашырбай Жусупов билдирди. "Ак-Жол айылында союлган эшектер табылгандан кийин атайын комиссия түзүлгөн. Бүгүнкү күндөн тарта борбордогу жана Чүйдөгү эт сатуучу, тамактануучу, самса, гамбургер жана башка эт кошулуп жасалуучу тамак-аштар сатылуучу жайлардын баары текшериле баштады. Эң негизги максат - алар этти каяктан алып жатышканын, анын сапаты жана тиешелүү текшерүүдөн өткөнүн же өтпөгөнүн аныктоо",- дейт А.Жусупов.