Менчиктештирилген кинотеатрлар мамлекетке кайтарылып берилет. Бул тууралуу бүгүн, 26-февраль күнү Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун басма сөз катчысы Нуржан Найзабекова SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, мекеме 1993-жылдан 2011-жылга чейин менчиктештирилген 12 кинотеатрды мамлекетке кайтарууну көздөөдө. Фонд азыркы тапта доо арызы менен сотко кайрылган.
“Сатып алуу жана сатуу келишимине ылайык, бул ишкерлер кинотеатрларды оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, өз багыты боюнча иш алып барышы керек болчу. Фонддун кызматкерлери бир нече жолу текшерүүлөрдү өткөрүштү. Бирок келишимдерде жазылган милдеттенмелер аткарылган эмес. Мындан улам биз сотко кайрылып, келишимдердин артка кайрылышын толук талап кыла алабыз”,- деди Найзабекова.
Менчиктештирилген кинотеатрлар:
- Чүй облусунун Кант шаарында жайгашкан «Мир» кинотеатрынын мүлк комплекси (1995-жылы менчиктештирилген);
- Талас шаарындагы «Комсомолец» кинотеатры (2011-жылы менчиктештирилген);
- Жалал-Абад шаарынын Токтогул атындагы сейил багынын жайкы кинотеатры (2011-жылы менчиктештирилген);
- Бишкектин 7-кичи районунда жайгашкан «Салкын» кинотеатрынын мүлк комплекси (2007-жылы менчиктештирилген);
- Кара-Балта шаарынын «Строитель» кинотеатры (1998-жылы менчиктештирилген);
- Ысык-Көл облусунун Кош-Көл айылындагы 500 орундуу курулушу бүтпөй калган кинотеатр (1997-жылы менчиктештирилген);
- Чүй облусунун Александровка айылындагы жайкы кинотеатрдын имараты (1996-жылы менчиктештирилген);
- Токмок шаарындагы Бөкөнбаев атындагы кинотеатр (1993-жылы менчиктештирилген);
- Кызыл-Кыя шаарындагы «Достук» кинотеатрынын имараты (1999-жылы менчиктештирилген);
- Ош шаарындагы «Западный» кинотеатры (1999-жылы менчиктештирилген);
- Кызыл-Кыя шаарындагы «Ударник» жайкы кинотеатры (1999-жылы менчиктештирилген);
- Ош шаарындагы «1-Май» кинотеатрынын имараты (1999-жылы менчиктештирилген).