Бүгүн, 26-февралда Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык кызматынын өкүлдөрү журналисттердин катышуусунда Бишкек шаарындагы тамактануучу жайларды текшерүүгө алышты. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө кытай тамактарын жасаган кафе тийиштүү талаптарга жооп берери белгилүү болду. Бирок анда оңдоо иштери жүрүп жаткан жерге жакын аралыкта тамак жасалып жатканы аныкталды.