Алманбет Анапияевин өлүмүнө шектелип жаткан Айбек Абдразаков кармалды

"Алманбет Анапияевин өлүмүнө шектелип жаткан Айбек Абдразаков Беларусь милициясы тарабынан кармалды",- деп билдирди Алманбет Анапияевдин өлүмү боюнча күбө катары суралып жаткан Гүлжигит Абилазизовдун жактоочусу Кайрат Загибаев.
Анын билдиришинче, Анапияевдин жансыз денеси 18-февралда табылгандан кийин эле Беларустун укук коргоо органдары Абдразаковду издөөгө алып, ошол күнү колго түшүрүшкөн. "Учурда убактылуу кармоочу жайда отурат",- деди Загибаев. 
Эске салсак, 18-февралда Беларусь ММКлары Минск шаарындагы көчөлөрдүн биринен белгисиз адамдын мууздалып өлтүрүлгөн жансыз денеси Мерседес унаасынын багажнигинен табылганын жазышкан. Ошондой эле жансыз дененин жанында Анапияевдин сүрөтү чапталган Шакиров Алмазбек Мийзамовичтин атына берилген паспорт да болгон. 
Окуя болгон күнү Алманбет Анапияевдин жанында жүргөн Гүлжигит Абилазизов милиция кызматкерлерине 25-февралда көрсөтмө берипАнапияевдин өлүмүнө шектүү катары бир канча сүрөттүн ичинен экс-президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиевдин, ИИМдин Уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөшүү башкармалыгынын мурунку башчысы Айбек Абдразаков жана Жаныш Бакиевдин чечен улутундагы жан сакчысы Рустам Сайдуевдин сүрөтүн көрсөткөн. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
zman53
2015-02-26 12:53:13
Беларуссияда качып жургондордун баарын кармаш керек.Антпесе бул иш бутпойт.
0
Zarema94
2015-02-26 13:21:08
Бул дагы КРга келгенден кийин сыртка чыгып келейин деп 1000ге коет
+1
InsanKg
2015-02-26 13:27:54
Убагында Максим Бакиев деле кармалган.Кеп аларды биздин мамлекетке алып келип, куноолору далилденсе оз жазаларын алышабы, кеп ушунда болуп жатпайбы
+2
gulmi
2015-02-26 17:43:53
Жанын жешет го?башка сайтта кармалган жок деп,белоруссия озу бул маалыматка танкалганын билдириптир.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан