Ысык-Көл облусунда өз атасын бычактап өлтүргөн жаран кармалды

11-февраль күнү Ысык-Көл облусунда өз атасын бычактап өлтүрүп салган жаран кармалды. Окуя боюнча: 10-февралда аталган облустун Түп районунда 1986-жылы төрөлгөн Ч.У аттуу жаран 55 жаштагы Ч.У аттуу атасын бир канча ирет бычактап, качып кеткен. Кырсыктан жаракат алган жаран ооруканадан көз жумган. Бул иш боюнча Ысык-Көл облустук ИИБинин кызматкерлери ыкчам иликтөө жүргүзүп, Түп районундагы айылдарынын биринен кылмышка шектүү жаранды кармашкан. Учурда кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, кылмыш иши козголду.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
LEP888
2013-02-12 11:29:53
Акыр замандын белгилеринин бири
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан